Баткен облусунда алыскы тоолуу Зардалы айылына алып баруучу Таян — Зардалы автожолун жакшыртуу иштери уланууда. Бул долбоордун алкагында жолдун 6,4 чакырым аралыгына асфальт төшөлгөн. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн мурда тар жана кооптуу болгон жолдун туурасы 10 метрге чейин кеңейтилди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коопсуз кыймылды камсыз кылуу үчүн тоо капталында жарылуу иштери жүргүзүлүп, жол кеңейтилген. Учурда кооптуу участоктордо темир-бетон тосмолор орнотулуп жатат.

6,4чакырым (асфальт төшөлгөн аралык)
10метр (жолдун кеңдиги)

Министрлик тарабынан курулуш иштери тоолуу рельефтин татаал шарттарында жүрүп жатканы белгиленди. Зардалы айылынын тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу транспорттук байланышты камсыз кылуу максатында иштер этап-этабы менен улантылууда. Мындан тышкары, автожолдун калган участокторун да жакшыртуу пландалууда.