Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Көк-Талаа айылында «Ихсан» социалдык шаарчасын куруу иштери башталды. Бул долбоор 60 үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Turmush маалыматынын бергенчээ, курулуш иштери 4,30 гектар жер аянтында жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы сметалык наркы 98,6 миллион сомду түзөт.
Шаарчанын ичинде тургундар үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлөт. Анын катарына орто мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, күнүмдүк керектөө товарларынын дүкөнү жана жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары менен камсыз кылуучу тигүү цехи кирет.
Курулуш иштерин кайрымдуулук фонду каржылоодо. Иштер 2026-жылдын август айында башталган жана 2027-жылдын сентябрь айында толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилет деп пландалууда.


















