Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын Кыргызстандагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушуп, эки мамлекеттин салык органдарынын ортосундагы кызматташтык маселелерин карашты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (ГНС) басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө салыктык администрациялоо тармагында тажрыйба алмашуу, санариптик технологияларды колдонуу жана салыктык процедураларды заманбап деңгээлге жеткирүү сыяктуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнү жана практикалык тажрыйба алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйынтыгында, кызматташтыктын белгиленген багыттары боюнча конструктивдүү диалогду улантуу боюнча өз ара кызыкдар экени тастыкталды.














