Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлери 2026-жылдын 23-июлунда №552-т буйругун чыгаруу менен ОсОО «НООР» менен масложировой комбинатты куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун бекитти.
Бул чечим Кыргызстандын ири инвестициялык долбоорлорунун бирин ишке ашырууга багытталган кадам болуп, экономика жана коммерция министри аталган келишимге өкмөттүн атынан кол коюуга ыйгарым берди.
Министрге келишимде принциптүү мааниге ээ болбогон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укук берилген.
Бул документ Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамынын 14 жана 31-беренелери менен Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлери жөнүндө конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.
ОсОО «НООР» тууралуу кыскача
Министрликтин маалыматына караганда, ОсОО «НООР» компаниясынын жетекчиси Михаил Владимирович Алимов. Учредителдири катары Виталий Вячеславович Самарин менен Александр Сергеевич Меженин катталган.
Компаниянын ишмердүүлүгү рафинацияланган өсүмдүк жана жаныбар майларын производство кылууга багытталган.
Ал эми компания 2026-жылдын 12-майында кайра каттоодон өткөн.


