Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базары жана анда иштеген ишкерлердин жаңы базарга көчүүсү тууралуу суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, азыркы «Мадина» базары жана жаңы курулуп жаткан базар жеке менчик болуп саналат. Шаар бийлиги базардын ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт.

Бирок мэрлик тараптан ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук келтирбөө максатында аракеттер жасалууда.

Ишкерлерди поэтаптуу түрдө жаңы базарга көчүрүү пландалып жатканын да мэр белгиледи. Бул арада ишкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары урматталганга аракет кылат.