Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевден коомдо айтылып жаткан кептер, тактап айтканда, бир Кытай жаранына Кыргызстанда 73 батир катталганбы деген суроо берилген.
"Биринчи радио" эфиринде угармандардын бири чет элдик жарандарга турак жайларды расмийлештирүү тууралуу коомчулукта сөздөр болуп жатканын белгилеген. Ал: "Бул чынбы? Демек, чет элдик жарандарга турак жай сатылып жатабы?" – деп тактаган.
Кабинет министринин орун басары мындай болушу мүмкүн эмес деп жооп берди.
Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандарга кыймылсыз мүлккө менчик укугу катталбайт.
Алар аны убактылуу гана пайдалана алышат, аларга убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
Эгер чет өлкөлүк жаран бул турак жайды Кыргызстандын жаранына сатса, ошондо гана менчик укугу жаңы ээсине расмийлештирилет, — деп белгиледи Амангелдиев.
Ал ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жер тилкелерине да менчик укугу катталбай турганын кошумчалады.









