Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы курорттордун болжол менен 80 пайызы эл аралык деңгээлдеги шарттарга жеткен. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев радиодогу эфирде билдирген.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикасынын 50 пайыздан ашыгын түзгөн тейлөө тармагы туристтик инфраструктуранын өнүгүшүнө шарт түзүп, өсүүсүн улантууда. Кыргызстанда A-frame үйлөр, шале жана башка объектилерди камтыган жаңы туристтик жайлар активдүү курулуп жатканы белгиленди. Ошол эле учурда мамлекеттик курортторду модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көл жээгиндеги бардык мамлекеттик пансионаттар капиталдык оңдоодон өтүп, эл аралык деңгээлге жетти. Биздин жарандар үчүн ыңгайлуу эс алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Данияр Амангелдиев

Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстандын жаратылыш кооздуктарынан тышкары, минералдык булактары жана бальнеологиялык курортторунун аркасында дарылоо-ден соолукту чыңдоо туризми тармагында да чоң потенциалга ээ. Президент тарабынан ата мекендик курортторду Болгариянын алдыңкы курорттук зоналарынын деңгээлине чыгаруу милдети коюлган.

«Бул багыттагы иштердин болжол менен 80 пайызы аткарылды. Чындыгында, курортторубуздун 80%га жакыны шарттарын жакшыртып, бүгүнкү күндө курорттук зоналарда эл аралык деңгээлдеги шарттар түзүлдү деп айтууга болот», — деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.