Юстиция министри Аяз Баетов бир катар маанилүү маселелерге токтолуп, коомчулуктун назарындагы темалар боюнча өз пикирин билдирди.

Ал Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон тышкы карызынын абалы жана аны тейлөө боюнча маалыматтарды айтты.

Ошондой эле инвесторлорго жерлерди 49 жылдык мөөнөткө узак мөөнөттүү ижарага берүү маселеси да көтөрүлүп, бул механизмдин өлкөгө экономикалык пайдалары талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы ири курулуш объектилерине Кытай Эл Республикасынын жарандарын жумушка тартуу темасы да каралды.