Иссык-Кул облусунда өткөрүлүп жаткан эл аралык иш-чараларды коопсуздукка алуу боюнча Ички иштер министрлигинин кавалериялык взводу сапаттуу кызмат көрсөтүүдө.
Кавалерия кызматкерлери мамлекет башчыларын, расмий делегация мүчөлөрүн жана башка урматтуу конокторду коштоп жүрүшөт.
Мындан тышкары, алар иш-чара өткөрүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, элдин коопсуздугун камсыз кылууда.
ИИМдин маалыматы боюнча кавалериялык взводдун кызматкерлери кээ бир аймактарда автоунаа менен жетүү кыйын болгон шарттарда тез жана натыйжалуу иштеп, жарандарга өз убагында жардам көрсөтүп келет.
Учурда ИИМдин кызматкерлери Иссык-Кул аймагында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Министрлик жарандардан коомдук тартипти сактап, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын урматтоого чакырат жана коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.






