Ысык-Көл облусунда коомдук тартипти сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүүгө жооптуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 30-июлдан 3-августка чейин өз ишинин күчөтүлгөн режиминде иштейт.
Муну менен катар аталган күндөрдө «Борбордук Азия — Азербайджан» деген Консультативдик жыйын жана эл аралык деңгээлдеги «UIM F1H2O. Ысык-Көл — 2026» суу мотор спортунун «Гран-при Кыргызстана» мелдештери өтөт.
Күчөтүлгөн кызмат режимине өткөрүү бул иш-чараларды коопсуздук менен өткөрүп берүү, жол кыймылынын жана коомдук тартиптин нормалдуу сакталышын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.


