Бүгүн, 20-ноябрда, чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумунун биринчи жыйыны өттү. Иш-чараны Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков башкарды.
Консорциумдун негизги максаты — ишкерлерди колдоо механизмдерин бирдиктүү системага келтирүү жана бизнес үчүн зарыл кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Бул мекеме мамлекеттик органдарды, банктарды, фонддорду жана өнүктүрүү институттарын өз ара байланыштыруу үчүн түзүлгөн.
Консорциум ишкерлердин муктаждыктарына жараша каржылоо, кепилдик алуу, окутуу жана консультациялык кызматтарды комплекстүү сунуштоо максатында түзүлгөн.
Аталган институт Кыргыз Республикасынын Президентинин № 24 Жарлыгынын негизинде уюштурулган. Ал ишин жаңы баштаган жана өндүрүшүн кеңейтүүнү каалаган ишкерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган.
Жыйындын алкагында катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби аныкталып, иштин артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Ошондой эле, 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо программасына ар бир институттун салымын тактоо маселеси талкууланды.










