Кыргызстанда уруксат берүүчү документтердин саны бир топ азайтылды. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мурда 900ден ашык болгон лицензиялар жана уруксаттардын саны азыр 430га чейин кыскартылган.

Бул тууралуу 19-ноябрда радио эфирде Экономика министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, уруксаттарды жана лицензияларды оптималдаштыруу боюнча иштер азырынча аяктаган жок жана алдыда да улантылат.

уруксат документтеринин саны900+430 −52%

Стартаптар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгү

Жаңы долбоорлорду баштоочулар (стартаптар) үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Нурбек Уметалиевдин маалыматы боюнча, ишкердик планы болгон учурда стартаптар банктан 1 миллион сомго чейин каражат ала алышат.

Ал бул сумма иш баштап алуу үчүн аз болсо да, мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Алдыдагы жылдары стартаптарды каржылоо көлөмүн көбөйтүү пландалууда.