Эл аралык ишкер кеңешинин (ЭКК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков 6-ноябрда Бишкекте өткөн конференцияда Кыргызстанда азырынча бир дагы венчурдук фонд жок экенин маалымдады. Анын айтымында, венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам жакында эле кабыл алынган, бирок фонддор али түзүлө элек.
Сыдыков банктык кредиттөө менен катар венчурдук жана ангелдик каржылоону өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Анын пикиринде, ангелдик каржылоо стартаптарга күрөөсүз эле каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Ангелдик каржылоо стартаптарга күрөөсүз эле каражат тартууга мүмкүнчүлүк берет.
ЭКК башчысы ишкерлердин, анын ичинде жаштардын каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана бизнес үчүн тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын да айтты.
Венчурдук каржылоо мыйзамы
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 28-июлунда президент Садыр Жапаров «Венчурдук каржылоо жөнүндө» КР №126 мыйзамына кол койгон. Документ стартаптарды каржылоонун укуктук негиздерин белгилеп, венчурдук фонддордун жана инвесторлордун ишин жөнгө салып, «стартап» жана «бизнес-ангел» түшүнүктөрүн киргизген.












