Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы ишкерлер санариптик мамлекеттик кызматтардын ыңгайлуулугун ар кандай баалашат. Алардын дээрлик үчтөн бири техникалык мүчүлүштүктөргө жана түшүнүксүз жол-жоболорго туш болушат. Уруксаттар жана лицензиялар санариптештирилбеген бойдон калып, кагаз түрүндө берилип келет.

Мамлекеттик, каржылык, каржылык эмес жана билим берүү кызматтарынын чачыранды болушу бизнес үчүн «санариптик лабиринтти» түзүүдө. Ишкерлер салык, лицензия, статистика, колдоо фонддору жана башка көптөгөн порталдарга катталууга аргасыз болуп, бул алардын чыгымдарын көбөйтөт. Мындай кырдаал бардык ишканаларга терс таасирин тийгизет, бирок чектелген ресурстары бар микро жана чакан ишканалар үчүн өзгөчө оор.

Программада ЧОИ санариптик технологияларды активдүү колдонуп жаткандыгы белгиленет, бирок бул негизинен мессенджерлер жана социалдык тармактар менен чектелет. Сурамжыланган ишкерлердин 29% социалдык тармактарда жарнаманы колдонушса, 19% сатуу үчүн онлайн-каналдарды колдонушат. Ошол эле учурда, CRM, ERP, булуттагы бухгалтердик эсеп же маалыматтарды анализдөө сыяктуу татаалыраак кызматтар кыйла сейрек колдонулат.

«МСП-хаб» платформасы жогоруда аталган кыйынчылыктарды жоюуга багытталган. Ал мамлекеттик кызматтарды, каржылык жана каржылык эмес колдоо инструменттерин бирдиктүү санариптик мейкиндикке бириктирип, ишкерлер үчүн колдонууну жеңилдетет.

ЧОИ колдоо консорциуму түзүлөт

Мындан тышкары, Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасына ылайык, ЧОИ колдоо институттарынын Консорциумун түзүүнү караштырууда. Бул Консорциум президенттин 2026-жылдын 31-январындагы №24 Жарлыгында да камтылган.

Консорциум ЧОИ институционалдык колдоонун негизи болуп, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, каржы институттарынын, коммерциялык банктардын, кепилдик жана инвестициялык фонддордун, бизнес-ассоциациялардын жана донордук уюмдардын ишин координациялоону жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган. Бул аянтча өлкөнүн стратегиялык артыкчылыктарына ылайык, ЧОИ өнүктүрүү тармагындагы демилгелерди консолидацияланган жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылууга чакырылган.