Бишкек шаарындагы Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун балдар нейрохирургия бөлүмүнө заманбап автоматташтырылган краниотомия аппараты орнотулду. Бул жаңы технологиялык каражат операциялардын тактыгын жогорулатууга багытталган.

Медициналык мекеменин билдирүүсүнө ылайык, бул жабдык Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин каржылык колдоосу менен сатып алынган. Жаңы аппарат нейрохирургиялык операция учурунда баш сөөгүн ачуу үчүн колдонулат.

Краниотом аппараты алдын ала белгиленген контур боюнча сөөк тканын так жана көзөмөлдүү түрдө кесүүгө мүмкүндүк берет. Бул хирургиялык кийлигишүүнүн тактыгын жогорулатып, дарыгерлердин ишин жеңилдетет.

Мындан тышкары, бул жабдык операциядан кийин сөөк лоскусун өз ордуна кайтарып коюу үчүн анын бүтүндүгүн максималдуу түрдө сактоого жардам берет.