президента Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык программанын шарттарын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жарандар үй сатып алуу үчүн алдын ала чоң сумманы төлөөгө мажбур эмес.
Жолугушуу учурунда коомдук бирикменин өкүлү Индира Алымбаева жалгыз энелердин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана майыптыгы бар адамдардын турак жай менен камсыз болушу маселесин көтөрдү. Ал көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн үй сатып алуудагы эң башкы тоскоолдук — алгачкы чоң төлөмдү төлөө зарылчылыгы экенин белгиледи.
Алдын ала төлөмдү эч ким төлөбөйт. Мурда 30 пайыз төлөп, калганын 10 жыл ичинде төлөө керек болчу. Азыр үйгө 25 жылга үй ээси болуп, жайгашып, ай сайын төлөйсүз.
Президент үйүнүн баасынын жарымын дароо төлөй ала турган жарандар үчүн башка программа каралгандыгын белгиледи.
Пайыздык чен30% пайыз4% пайыз −26 п.п.
Ошондой эле, мамлекет башчысы турак жай маселесинде жардамга муктаж болгон жалгыз энелерге Мамлекеттик ипотекалык компанияга арыз менен кайрылууну сунуштады.











