Кыргызстандын коммерциялык банктары 2026-жылдын алгачкы тогуз айында жалпысынан 32,1 млрд сомдук ипотекалык насыя берди. Мындай маалыматты Улуттук банк бөлүшүп чыкты.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын жылына салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе көп жана өткөн жылдын жалпы көлөмүнөн (31,6 млрд сом) 1,5 пайызга жогору.

Ипотеканын көлөмү2025-жыл млрд сом2026-жыл (9 ай) млрд сом +0,05%

Ай сайын берилген ипотеканын көлөмү боюнча сентябрь айында тарыхый максимум катталды. Сентябрь айында банктар 4,7 млрд сомдук жаңы ипотека берген.

Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 2026-жылдын июль айында болгон, ал кезде ипотеканын көлөмү 4,5 млрд сомду түзгөн.

Ипотеканын айлык көлөмү

4,5 млрд сом
Июль 2026
4,7 млрд сом
Сентябрь 2026

Улуттук банк

Ипотеканын айлык көлөмү
Июль 20264,5 млрд сом
Сентябрь 20264,7 млрд сом