26-ноябрь күнү өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Болотбек Борбиев коммерциялык банктардагы ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү маселесин көтөрдү. Ал мурда эле июль айында жашоочулардын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн ипотекалык чендерди төмөндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

Депутаттын айтымында, учурда коммерциялык банктар ипотекалык кредиттерди жылдык 16–18% чен менен берип жатышат, бул болсо калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликсиз болуп саналат.

Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 4%, 6% жана 8% чен менен турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок кезекте ондогон миңдеген жарандар турат. Ошону менен бирге, мамлекеттик банктар да ипотекалык кредиттерди 16% чен менен берип жатат.
Болотбек Борбиев

Борбиев Улуттук банк тарабынан ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтүү үчүн кандай чаралар иштелип чыкканын сурады. Улуттук банктын өкүлү кредиттердин кымбаты банктар тарабынан тартылган акча каражаттарынын баасы менен байланыштуу экенин түшүндүрдү.

Банктардагы пайыздык чендер

13–15%коммерциялык банктардын депозиттери
16–20%коммерциялык банктардын ипотекасы
12–14%мамлекеттик банктардын депозиттери
16%мамлекеттик банктардын ипотекасы

Улуттук банктын өкүлү пайыздык чендерди калыптандырууда банктардын иштөө чыгымдары, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысын төлөө чыгымдары да эске алынарын белгиледи.