2–3-ноябрда Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин жаштар иши боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Жыйынга Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жаштар саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштар менен иштөөнүн актуалдуу багыттары, заманбап чакырыктар жана келечектеги пландарды талкуулашты. Жыйын жаштар арасындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды.

Союзбек Надырбеков ошондой эле катышуучуларга 2027-жылы Кыргызстанда "КМШ үчүн 100 идея" эл аралык жаштар сынагын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Жыйын Кеңештин 20 жылдыгына жана КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Анын уюштуруучулары Россия Федерациясынын Жаштар иши боюнча федералдык агенттиги (Росмолодёжь) жана КМШнын Аткаруу комитети болду.