Пневмонияны пайда кылышы мүмкүн болгон пневмококк жана гемофилдик инфекцияларга каршы эмдөө Кыргызстандын улуттук эмдөө календарында каралган. Бул тууралуу КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын окутуучусу Альбина Исакова радио эфиринде билдирди.

Адистин айтымында, ата-энелер эмдөөлөрдүн кайсы оорулардан коргой турганын дайыма эле биле бербейт.

Биздин улуттук календарда пневмококк бактериясына каршы, ошондой эле гемофилдик таякчага каршы вакцина бар. Бирок азыр баш тартуулар абдан көп
Альбина Исакова, КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын окутуучусу

Исакова ооруган балдарды мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырды. Анын айтымында, ата-энелер кээде баланын температурасы түшө салышы менен аны жамаатка кайтарып жиберишет, бирок ал дагы эле жөтөлүп жүрөт.

Оору учурунда балдарды үйдө калтыруу керек, мектепке жибербөө зарыл. Температура түшөт, аларды жөтөл менен мектепке жиберип жатышат. Баланын жалпы абалына көңүл буруу керек
Альбина Исакова, КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын окутуучусу

Дарылангандан кийин организмге калыбына келүү үчүн убакыт керек. Бул мезгилде Исакова оорулуулар менен байланышты жана адам көп чогулган жерлерге барууну чектөөнү сунуштады.

Биз ата-энелерге жөнөкөй сөздөр менен айтабыз: конокко барбаңыз жана конок чакырбаңыз. Балдар менен базарга барбаңыз, аларды соода борборлоруна жана көңүл ачуучу жайларга алып барбаңыз
Альбина Исакова, КММАнын госпиталдык педиатрия кафедрасынын окутуучусу

Дарыгердин сунуштарынын арасында толук кандуу тамактануу жана жетиштүү суюктук ичүү дагы аталды.