Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде халал стандарттарын киргизүү боюнча алдыңкы орунда турат. Бул тармакты өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде кызыкчылык туюшу керек, деп белгиледи «Тойбосс» компаниялар тобунун камкорчусу жана «Адал Азык» ЖЧКсынын директору Мырзабек Орумбаев.}}{\
Жаңы санариптик системага өтүүдө кичи ишканалар кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан, аларды гранттар же чыгымдарды кайтаруу аркылуу колдоо зарыл экени айтылды.
Мусулман өлкөлөрү абдан тез өнүгүүдө, бул биздин компаниялар үчүн абдан кызыктуу рынок болуп саналат. Европанын калыптанган рынокторуна экспорттоо иш жүзүндө мүмкүн эмес.
Ишкердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү халал талаптарынын болжол менен 95 пайызы окшош. Кыргызстандык сертификаттар башка мамлекеттерде кабыл алынышы үчүн, мамлекеттер аралык келишимдерди түзүү жана аккредитациялоо маселелери чечилиши керек.
Учурда жаңы системанын наркы жана мөөнөтү боюнча так маалыматтар берилген эмес. Бирок чоң компаниялар үчүн бул чакан сумма болсо, кичи бизнес үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн атайын шарттар керек.








