16-ноябрда мөмө-жемиш жана жашылча өндүрүүчүлөр үчүн «Экспорттук акселератор» программасынын ачылышы өттү. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору тарабынан сунушталган.
«Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров иш-чараны ачып, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны жогорулатуу жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү абдан маанилүү экенин белгиледи.
Программа 2025–2028-жылдарга карата «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду тамак-аш коопсуздугу жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча адистешкен «ЭйДи Трейдинг энд Консалтинг» компаниясы ишке ашырат.
Акселератордун катышуучулары экспорттук даярдыгын текшерүүдөн өтүп, жеке сунуштарды жана жол карталарын алышат. Ошондой эле эксперттердин катышуусу менен беш күндүк практикалык окутуу өткөрүлөт. Программа айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн GLOBALG.A.P. IFA жана GRASP, ал эми ишканалар үчүн FSSC 22000 талаптарын камтыйт.
















