Жатындын мойнунун шишигин алдын алуу үчүн адам папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо жана үзгүлтүксүз скринингден өтүү негизги чаралар болуп саналат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун гинекологу Жибек Омурзакова «Биринчи радиосунда» эфирде айтты.

Дарыгердин белгилөөчөсү боюнча, жатындын мойнундагы шишиктин негизги себептеринин бири — адам папиллома вирусу. Ошол себептүү, ооруну алдын алуу максатында 9 жаштан 13 жашка чейинки кыздарга вакцинациялоо жүргүзүлөт.

Ошондой эле скрининг — бул оорунун белгилери али байкалбаган ден соолугу чың адамдарды алдын ала текшерүү экенин билдирди. Мындай изилдөөлөрдү үй-бүлөлүк дарыгерлер жана гинекологдор жүргүзүшөт.

Скрининг учурунда онкоцитологияга мазок алынат жана кольпоскопия жүргүзүлөт. Жыйынтыктардан көз каранды, зарылчылыкка жараша гистологиялык, биопсиялык жана иммуногистохимиялык изилдөөлөр өткөрүлүп, андан кийин дагыл дарылоо дайындалат.
Жибек Омурзакова

Мындан тышкары, гинеколог оорунун алдын алуу үчүн жеке жана жыныстык гигиенаны сактоо, ошондой эле туура тамактануу маанилүү экенин баса белгиледи.