«Бирюзовый ноябрь» аттуу өнөктөштүк алкагында өткөн бул иш-чара аялдардын ден соолугуна кам көрүү жана ооруну эрте аныктоо максатында уюштурулду. Иш-чаранын негизги басымдары скринингден үзгүлтүксүз өтүү жана заманбап текшерүү ыкмаларына жасалды.
Медиа-брифинг жана презентациялардын жүрүшүндө адистер адам папиллома вирусунун (АПВ) оорунун өнүгүшүндөгү ролу жана рак алдындагы өзгөрүүлөрдү кантип өз убагында табуу керектиги боюнча маалымат беришти.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) баштапкы скринингдин эң натыйжалуу ыкмасы катары АПВ-ДНК тестирлөөсүн сунуштайт. Ошондой эле, эч кандай белгилер байкалбаган учурда да текшерүүдөн өтүү өтө маанилүү экени белгиленди.








