Кыргызстандын элдик сүрөтчүсү Ишенбек Чаланов жергиликтүү бийлик органдарынын ишин баалоодо элдин пикири негизги критерий болушу керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал «Биринчи радиосундагы» түз эфирде айтты.
Чалановдун айтымында, айрым жетекчилер өз алдынча чече ала турган жөнөкөй маселелерди да жогорудан буйрук келгиче күтүп, чечүүнү кечиктирип жатышат. Мындай жүрүм-турум алардын өзүнө жүктөлгөн ишенимди актабай жатканын көрсөтөт.
Президент Садыр Жапаровдун региондорду кыдырып, жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз жолугушуусу көптөгөн көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берди. Президент маселелерди ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн расмий отчетторунан эмес, элдин өзүнөн угуп алганы абдан жакшы. Анда кээ бир жетекчилердин отчеттору реалдуу абалга дал келбей турганы көрүндү.
Сүрөтчү президенттин эл менен түз байланышы региондордогу чыныгы абалды көрүүгө жана жергиликтүү жетекчилердин ишин объективдүү баалоого шарт түздү деп белгиледи. Ар бир жетекчи элдин көйгөйлөрүн угуп, өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында аларды чечүүгө аракет кылышы зарыл.












