7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Жумабек Салымбеков ушул талкуунун жүрүшүндө балдар арасында кеңири тараган онлайн-оюндардагы акы төлөнүүчү кызматтарга токтолду.
Анын айтымында, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар ойногон Roblox сыяктуу оюндар, негизинен, казиодон эч айырмаланбайт. Андагы ар бир буюм — машинабы, баш кийимби же куралбы — банктык картага байланган акчага, 3 доллардан 100 долларга чейинки баага сатылып алынат.
Оюн ичиндеги сатып алуулардын баасы
Бүгүн Кыргызстанда оозунан сүтү кете элек кичинекей балдар ата-энесин кыйнап, ыйлап-өкүрүп, ушундай сатып алууларды жасатышат. Эгер биз мунун баарын азыр бөгөттөп, токтотпосок, балдарыбыздын келечегинен ажырап калабыз
Салымбеков мындай сатып алууларды чектөө же толугу менен тыюу салуу зарылдыгын белгилеп, бул нормаларды мыйзам долбоорунун экинчи окуусуна чейин киргизүүнү сунуштады.
Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кайрат Маматов 16 жашка чейинки балдарга банктык карта ачууга болбой турганын, ата-энелер өз карталарын оюндарга өздөрү байлап берерин эске салды. Анын пикиринде, жоопкерчилик ата-энелерде да жатат. Ал маселе экинчи окууда карала турганын кошумчалады.
Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев дагы үй-бүлөлүк мисал келтирди. Анын 7 жаштагы уулу Роблокстон машина сатып алып, футболчу Криштиану Роналду менен баарлашканын айтып мактанган. Бала чочкосуна топтолгон акчанын баарын ошого короткон.
Төрага «Мен, албетте, ал тиркемени өчүрүп салдым. Бирок муну эске алуу керек», — деп кошумчалады. Бул окуя балдардын онлайн-оюндардагы чыгымдары канчалык олуттуу экенин көрсөтүп турат.











