Финансы министрлиги «Бедель» автожол өткөрүү пунктун интернет менен камсыздоо үчүн 98 миллион сом бюджеттик ассигновацияларды бөлдү. Бул тууралуу министрлик 2026-жылга карата такталган республикалык бюджеттин долбооруна карата түшүндүрмө катта билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, каражаттар тал жип байланыш линиясын (ВОЛС) өткөрүүгө жумшалат. Бул иштерди «ЭлКат» ЖЧКсы аткарат.

98 млн сом бөлүнгөн каражат

«Бедель» өткөрүү пунктун интернет менен камсыздоо үчүн бөлүнгөн сумма.

Эске салсак, Кытай эл Республикасы менен чек арадагы «Бедель» автожол өткөрүү пункту 2024-жылдын сентябрь айында убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ишке кирген. Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, эл аралык стандарттарга жооп берген бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү иштери 2027-жылга чейин биргелешип ишке ашырылат.