Экономика жана коммерция министрлиги коомдук тамактануучу жайлар тарабынан сатылып жаткан өз өндүрүшүндөгү айрым категориядагы суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоодон бошотуу мөөнөтүн 2033-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
- 2027-жыл, 1-январь
Суусундуктарды милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөтү (учурдагы пландалган дата)
- 2033-жыл, 1-январь
Маркалоо талабын киргизүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушталган дата
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, айрым продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2027-жылдын 1-январынан 2033-жылдын 1-январына чейин жылдырылат. Бул чечим ТН ВЭДдин 2202 товардык позициясына кирген, курамында кант, башка таттуулоочу же даамдык-ароматтык заттар бар минералдык жана газдалган суулар сыяктуу өз өндүрүшүндөгү суусундуктарды камтыйт.
Бул бошотуу кафелер, ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайлар өз ишканаларынын аймагында түздөн-түз өндүрүп, саткан суусундуктарына тиешелүү болот. Ал эми керектөөчүлүк таңгакта сатылган продукциялар бул норманын астына кирбейт.
Негиздемеде белгиленгендей, бошотуу мөөнөтүн узартууга ресторандык жана мейманкана бизнесинин өкүлдөрүнүн кайрылуулары себеп болгон. Ишкерлер административдик жана финансылык жүк боюнча көйгөйлөрдү көтөрүшкөн.






