Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаменти менен Трансевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңештин катчылыгы (КСТП) 2027–2029-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын кол коюп бекитишти. Бул тууралуу ЕЭКтин пресс-кызматы билдирди.
Документ «Орусиянын транспорт жумалыгынын» алкагында өткөн тегерек столдун жыйынтыгында кол коюлду. Аталган жолугушуу Евразия экономикалык комиссиясы, Трансевразиялык ташуулар боюнча координациялык кеңеш жана Евразиялык кызматташтык боюнча финансылык-банктык ассоциациялардын катышуусунда болуп өттү. Бул иш-чара 2017-жылы түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылды.
Евразия экономикалык союзу (ЕАЭС) калыптанып жаткан логистикалык архитектуранын борбордук элементи болуп калууга жөндөмдүү.
ЕЭКтин Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, ушул жылы ЕАЭСтин координацияланган транспорттук саясатын ишке ашыруу боюнча үч жылдык пландын аткарылышы аяктап, кийинки үч жылдык мезгил үчүн максаттар жана милдеттер белгиленет.
Иш-чарага транспорттук-логистикалык компаниялардын жетекчилери да катышты. Алардын ичинде «Бириккен транспорттук-логистикалык компания — Евразия темир жол альянсы» (ОТЛК ЕРА), FESCO транспорттук тобу жана «Дело» компаниялар тобу бар. Катышуучулар жеткизүү чынжырларын түзүү, контейнердик ташуулардын келечеги, мультимодалдык логистиканы өнүктүрүү жана тармак үчүн кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.










