Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев пара-армрестлинг боюнча эки жолку дүйнө чемпиону Айгүл Муталипованы кабыл алды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Жолугушууда Асанбаев спортчуну дүйнө чемпионатындагы ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, анын жетишкендиги өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал ошондой эле алдыдагы мелдештерге ийгилик каалап, мындан ары Айгүл Муталиповага ай сайын стипендия төлөнүп турарын айтты.
Быйыл Дели шаарында өткөн пара-армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатына 65 өлкөдөн 1500дөн ашуун спортчу катышты.
Кыргызстан курамасынын медалдары
Кыргызстан курама командасы жалпысынан 10 медаль жеңип алды: 4 алтын, 3 күмүш жана 3 коло.














