Дели шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 26-октябрдан 6-ноябрга чейин 65 өлкөдөн 1500дөн ашуун спортчу күч сынашууда. Мелдештер олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча өтүүдө.
Кыргызстандын жаштар курамасы жогорку жыйынтык көрсөтүп, азыркы учурда 2 алтын, 6 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.
Кыргызстандын медалдык жыйыны
Ак-Булак айылындагы Мамытов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Жанара Токонова 55 килограммга чейинки салмакта оң жана сол колу менен күрөшүп, мыкты даярдыгын көрсөттү. Ал 1 алтын жана 1 күмүш медаль утуп, дүйнө чемпиону аталды.
М.Жусупов атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Диана Терещенко 45 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, кураманын медалдык эсебине 1 күмүш жана 1 коло медаль кошту.
Жаш спортчуларды машыктыруучу Талант Шадыбаев даярдаган. Ал өспүрүмдөр жана жаштар арасында бир нече дүйнө чемпиондорун тарбиялаган.






















