Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргоду: Гүлнур Таштанбекова (65 килограммга чейин), Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин), Нурзат Нуртаева (72 килограммга чейин) жана Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин).
Мелдештин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынып, Кыргызстандын күрөш тарыхындагы дагы бир ийгилигин жаратты.
Аэропорттогу салтанаттуу тосуу
Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Биздин спортчу кыздар дүйнөлүк деңгээлде мыкты даярдык көрсөтүштү. Мээримдин күмүш медалы — өлкөбүз үчүн чоң сыймык.
Дүйнө чемпионаты 24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.
Кыргызстандын курама командасынын курамы


























