Көптөгөн тиричилик приборлору күтүү режиминде турганда да электр энергиясын сарптай берет. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Мен мурун өзүм да билчү эмесмин, өчүк турганда, күтүү режиминдеги электр приборлору да электр энергиясын керектей турганын
Айгүл Буланова, Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы

Адистин айтымында, ээлери кошумча чыгымдарды байкабай да калышы мүмкүн. Ал азыркы учурда эч ким колдонбогон заряддагычтарды жана башка электр приборлорун розеткадан сууруп коюуну сунуштады.

Электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтуунун дагы бир жолу катары Буланова турак жайды жылуулоону атады. Ичке дубалдар, терезелердеги жылчыктар жана жакшы жылууланбаган чатыр жылуулуктун олуттуу жоготуусуна алып келет. Натыйжада тургундар электр жылыткычтарын тез-тез күйгүзүп, акчаны көбүрөөк коротушу мүмкүн.

Эң негизгиси — көчөнү жылытпоо. Ичке дубал, жылчык, терезе жана начар чатыр аркылуу жылуулукту сыртка чыгарып, ага өзүбүздүн акчабызды төлөп жатабыз
Айгүл Буланова, Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы

Мындан тышкары, энергетиктер, айрыкча жүктөмө эң жогору болгон сааттарда, бир эле учурда көп сандагы кубаттуу электр приборлорун кошууга чакырбайт. Бир нече жылыткычты, электр плитасын, кир жуугуч машинаны жана башка түзмөктөрдү бир убакта колдонуу уруксат берилген кубаттуулуктан ашып кетишине, электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.