24-ноябрда Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРБ) ортосундагы алкак макулдашуунун долбоорун колдоого алды.

Финансы министрлигинин орун басары Нурбек Акжоловдун билдирүүсүнө ылайык, мурда ведомство комитет менен ЕБРБдан 400 млн евро грант алууну макулдашкан. Кийинчерээк министрлик каржылоону 2,5 эсеге көбөйтүп, жалпы сумманы 1 млрд еврого жеткирген. Бул каражаттар тазалоочу курулуштар, инфраструктура, жарандарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана жолдорду курууга жумшалат.

Каржылоонун түзүмү

220млн евро грант
780млн евро кредит

Учурда каражаттардын бир бөлүгү конкреттүү долбоорлорго бөлүнгөнү айтылган:

  • 13 шаардын суу менен камсыздоо долбоорлоруна — 176 млн евро
  • Кара-Балта — Чалдовар жолун курууга — 45 млн евро
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ирригацияга — 45 млн евро
  • Балыкчыдагы энергия долбоорлоруна — 75 млн евро

Бирок депутат Дастан Бекешев министрликтин көрсөткүчтөрүндө суммалардын толук эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоорлордун жалпы суммасы 458 млн еврону гана түзөт, ал эми калган 542 млн евро жөн гана «Башка» деген категорияга киргизилген.

Алкак макулдашуу бекитилгенден кийин, Жогорку Кенеш калган акча эмнеге жумшалганын билбей калабы?
Дастан Бекешев

Нурбек Акжолов ведомство ар бир долбоорду комитеттин макулдашуусуна киргизет деп жооп берди. Ал эми Бекешев бул маалыматты жөн гана сөз менен эмес, комитеттин чечиминде расмий түрдө жазуу керектигин сунуштады.