Кыргызстандын инфраструктурасын модернизациялоо максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕБРР) 1 миллиард евро чейинки сумманы тартуу пландалууда. Бул каражаттардын 220 миллион евросун гранттар түзөт, ал эми калган 780 миллион евро жеңилдетилген кредиттер түрүндө берилет деген маалымат бар.

Учурда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети алдын ала макулдашууну жактырды. Ар бир долбоордун каржылоо шарттары өзүнчө макулдашылат. Кредиттер 15 жылдык мөөнөткө берилип, анын ичинде үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт камтылат.

Пландалган негизги багыттар

176 млн13 шаардагы ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн евро
70 млнБишкек шаарынын суу жана канализациясы үчүн евро
45 млнКара-Балта — Чалдыбар автожолун реконструкциялоо үчүн евро
16 млнБишкекке электробустар сатып алуу үчүн евро

Тартылган каражаттар суу менен камсыздоо, ирригация, транспорт жана энергетика сыяктуу стратегиялык тармактарды өнүктүрүүгө багытталат.