Түркияга жумуш издөө максатында кеткен кыргыз жарандары көп учурда күтүлгөндөй жакшы шарттарды таппай жатышат. Жогорку Кеңештин элдери боюнча комитетинин жыйынында Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулугунун отчетун кароо учурунда депутат Гүлүя Кожокулова бул маселенин курч экенин белгиледи.
Депутаттын айтымында, Түркияда, өзгөчө Стамбул шаарында иштеген кыргызстандыктардын арасында орто жаштагы аялдар абдан көп. Алар менен болгон жолугушуулардын учурунда ал төмөн эмгек акы, акчанын өз убагында берилбестиги жана жумуштун оордугу боюнча көптөгөн даттанууларды укканын билдирди.
Кожокулова көптөгөн жарандар жергиликтүү эмгек рыногу жана мүмкүн болгон тоскоолдуктар жөнүндө толук маалыматсыз эле Түркияга жөнөп жатканын белгиледи.
Көптөгөн адамдарга: «Кел, бул жерде жакшы акча тапса болот» деп айтышат. Бирок Түркияда инфляция жогору экенин жана эмгек акы төмөн болушу мүмкүн экенин алдын ала түшүндүрүү керек. Андан кийин адамдар ал жерде татаал кырдаалга кабылып, калууга мажбур болушат», — деди депутат.
Бул маселе боюнча депутат Кыргызстандын Башкы консулугуна жарандар өлкөдөн чыккандан мурун маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштады. Тактап айтканда, жумушка орноштуруу шарттары, эмгек акынын деңгээли жана мүмкүн болгон тоскоолдуктар жөнүндө атайын эскертме (памятка) даярдоо зарыл деп эсептейт.
Ошондой эле Гүлүя Кожокулова кыргызстандыктардын юридикалык жардам сураган кайрылууларынын көптүгүнө көңүл бурду. Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулу Чыңыз Токтобеков өз кезегинде дипломатиялык өкүлчүлүк Түркиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барып жатканын билдирди.












