Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Европа өлкөлөрүнүн сунушу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, европалык тарап кыргыз адистерин кабыл алууга даяр, бирок анын ордуна Бишкек Африка жана Афганистандан келген мигранттарды кабыл алышы керек.
Министр ошондой эле жарандарды чет өлкөгө расмий жумушка уюштуруу боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, миграциянын негизги багыттары акырындык менен өзгөрүп жатканын белгиледи. Кыргызстандыктар көбүнчө Түркия менен АКШны тандап жатышат.
Ошол эле учурда Түштүк Корея менен Жапонияда кыргызстандыктарга суроо-талап жогору бойдон калууда. Ал жактарда өзгөчө медициналык мекемелерде улгайган адамдарды кароо үчүн кызматкерлер керек.
Кулубаев Кыргызстандын өзүндө жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкала баштаганын, ушул себептен өкмөт жарандарды чет өлкөгө туруктуу жумушка уюшкан түрдө жиберүүнү кыскартканын, бирок мекендештер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында сезондук жумуштарга гана жиберүүнү сактап калганын кошумчалады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматы боюнча, чет өлкөдө 736,6 миң кыргыз жараны эмгектенет. Бул көрсөткүч мурункуга салыштырмалуу төмөндөгөнүн көрсөтүп турат.












