Ноокен районундагы Эргеш Алиев айыл аймагында жоголуп кеткен 20 жаштагы жигитти издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.
Издөө иштерин координациялоо максатында ыкчам штабдын жыйналышы өткөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын калктын корголушун жана аймактарды коргоону камсыздоо башкармалыгынын башчысы, полковник А. Сулайманов издөө иштеринин жүрүшүн талдап, тартылган күчтөрдүн иш-аракеттерин уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып жатышат. Натыйжалуулук үчүн алар беш топко бөлүнгөн жана ар бир топко издөө үчүн белгилүү бир аймактар бекитилген.
Акыркы маалыматтарга ылайык, издөөчүлөргө тоолуу жана адамдын бут менен барып жетүүгө мүмкүн болбогон татаал аймактарды толук камтуу милдети коюлган. Мындай жерлерди текшерүү үчүн дрондордон пайдаланылып жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жоголуп кеткен 20 жаштагы Алинур (аты өзгөртүлгөн) психикалык бузулуудан жабыркайт.
Эскерте кетсек, 13-ноябрда саат 06:30дө Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Коминтерн айылынын тургуну, 2006-жылы туулган М.А.К. үйүнөн чыгып, кайрылбай калганы жөнүндө билдирүү келген.














