Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Бишкектеги №64 мектепти курууга жооптуу болгон бардык тараптарды — куруучуларды, көзөмөлдөөчү органдарды жана жетекчилерди — мыйзам алдында жооп берүүгө чакырды.

Депутаттын айтымында, объектинин курулуш иштери одоно эреже бузуулар менен жүргүзүлгөн. Ал белгилегендей, курулуштун сапатын көзөмөлдөгөн жана кабыл алган бардык кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышы зарыл.

Жарыяланган видеодо оңдоо иштери одоно мыйзам бузуулар менен аткарылганын көрүүгө болот.