Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2027-2031-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү прогнозунда 2027-жылы банктардагы кредиттик портфелдин көлөмүн 40-45%га өстүрүүнү пландоодо.
Бул өсүш негизинен керектөөчү сегменттин эсебинен болот. Кредиттик портфель — бул берилген жана толук төлөнбөй жаткан кредиттердин жалпы суммасы.
Өкмөттүн баамында, кредиттер узак мөөнөттүү пайдалуу буюмдарга, мисалы, үй буюмдарына, электроникага жана автоунааларга жеткиликтүүлүктү жакшыртат.
Өкмөттүн прогнозунда "кредиттик экспансия" 2027-жылдагы керектөөнү үзгүлтүксүз өстүрүүчү негизги факторлордун бири катары каралган.
Кыргызстандагы кредиттик портфельдин өсүшү
2023-жылдан бери кредиттик портфельдин өсүшү үзгүлтүксүз жогорулап келет: 2023-жылы 26,3%, 2024-жылы 32,2%, 2025-жылы 48,8%.
Бул көрсөткүчтөр 2016-2022-жылдардагы жылдык өсүү темпинен, ал 18,1%дан ашкан эмес, кыйла жогору экенин көрсөтөт.
Ошондой эле, карыз алуу арзандап жатканын байкоого болот. Орто эсеп менен пайыздык чен 2025-жылдын май айында 16,43% болсо, 2026-жылдын майында 15,96%га түшкөн.
















