Жогорку Кеңештин заседаында депутаттар Бишкектеги мектептер жанындагы тротуарлар жана светофорлордун жоктугу сыяктуу инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулашты. Депутат Токтобубу Ашымбаева Бишкек шаарынын ГЭС-2 аймагындагы Энесай жана Достук көчөлөрүндөгү мектептер жанында тротуарлардын жоктугун белгиледи.

Көйгөйлөр жана талаптар

Парламент 14-октябрь күнү Министрлер Кабинетинин социалдык объектилерди, автомобилдык жолдорду куруу абалы, ошондой эле Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын бааларын жөнгө салуу боюнча маалыматты угуп чыккан. Депутаттар Чүй облусунун инфраструктурасы боюнча көйгөйлөр бар аймактарын атап маалымдашкан.