Жогорку Кенештин отурумунда сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын иштөө ыкмасын олуттуу сынга алды. Анын пикири боюнча, көпчүлүк университеттер билим берүүнүн сапатын жогорулатуудан көрө, контракттык төлөмдөрдү көбөйтүүгө гана аракет кылып жатышат.

Университеттер бизде акча соргон уюмдарга айланып кетти. Контракттар көбөйүп жатат, бирок билим берүүнүн сапаты жакшырып жатканы — чоң суроо.
Дастан Бекешев

Депутаттын айтымында, окуу жайлар жөн гана диплом берүүчү мекеме эмес, билим берүү демилгелеринин борборуна айланышы керек. Ошондой эле, университеттердин жетекчилери — ректорлор кабинеттен чыгып, студенттер менен ачык диалог түзүп, алардын көйгөйлөрүн билиши зарыл. Алар креативдүү башкаруучулар болушу керек экенин белгиледи.

Бекешев студенттердин жашоосун жеңилдетүү үчүн жаңы демилгелерди сунуштады. Анын бири — электрондук студенттик карталарды киргизүү. Мындай карталар аркылуу окуучулар тамак-аш, транспорт жана банктык кызматтар үчүн арзандатууларды ала алышат.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайларга спорт федерациялары менен кызматташууну өнүктүрүү сунушталды. Бул студенттерди спорт менен активдүү алектенүүгө тартууга мүмкүндүк берет.

Эгерде университеттер реформаланбаса, алар билим алуу үчүн жараксыз мекемелерге айланып кетиши мүмкүн деп эскертти депутат.