Бишкектеги электр энергиясынын массалык өчүрүүлөрү аймактын жалпы энергия маселесин кайрадан көтөрдү. Жаңы генерациялоо кубаттуулуктарын көбөйтүү менен гана электр жетишсиздигин толук жоюу мүмкүн эмес экени белгиленүүдө. Бул маселе комплекстүү чечимди, тактап айтканда, аймак өлкөлөрүнүн энергия системаларын биргелешип иштетүүнү талап кылат.

Евразия өнүктүрүү банкы «Чексиз энергия: Борбордук Азиянын энергетикалык байланыш архитектурасы» аттуу баяндамасын сунуштады. Докладдо азыркы учурдагы көйгөйлөр талданып, аларды чечүү жолдору сунушталган.

Борбордук Азиянын Бириккен энергия системасы кандай иштейт?

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык тармактагы байланышы тарыхый тамырларга ээ. Совет доорунан бери аймак өлкөлөрү бирдиктүү техникалык стандарттарды жана электр энергиясын берүүчү өнүккөн трансчекаралык кубаттуулуктарды мурастап келишкен. Учурда Борбордук Азиянын Бириккен энергия системасына (БАКЭС) Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын түштүк бөлүгү кирген.

Түркмөнстандын бөлүнгөн станциялары жана Афганистандын түндүк-чыгыш энергия системасы бул система менен өзүнчө схемалар аркылуу өз ара аракеттешет. Кубаттуулуктун эң чоң бөлүгү Өзбекстанга туура келет.