Бишкек шаарын тартипсиз куруу маселелери боюнча депутаттык комиссия 2023-жылы ишин аяктаган болчу. Бирок, Министрлер Кабинети аталган комиссия берген тапшырмалардын 80 пайызына чейин аткара электиги боюнча депутат Дастан Бекешев профилдик парламенттик комитеттин жыйынында сөз кылды.

Депутаттын айтымында, шаарда көп кабаттуу үйлөр тездик менен курулуп жатса да, суу түтүктөрү, канализация жана жылуутуу тармактары эски жана эскирген бойдон калууда.

80% пайыз тапшырмалардын аткарылбай калышы

Министрлер Кабинети Бишкекти куруу боюнча тапшырмалардын ушунчалык көбүн аткара элек.

Бекешев шаардык мэрия коммуникацияларды өз алдынча модернизациялоого мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Ал инфраструктура толугу менен бузулуп калбашы үчүн, бул иштерге республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүү керектигин айтты.