Бишкек шаарында жайгашкан курулуш объектилерин Өкмөттүк архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жергиликтүү тургундардын видеокайрылуусу боюнча текшергенин маалымдады. Анын натыйжасында, лотоктун бузулган бөлүгүн жакшыртып, калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары депутат Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө караганда, Бишкекте жер алдынан айланма өткөрүүчү кабелдерди тартуу учурунда дарактардын тамыр системасынын зыянга учурашы аныкталып, подрядчиктер туура чараларды көрүүгө милдеттендирилди.

Бул жөнүндө Бекешев Министрликке бир нече жолу кайрылып, териштирүү жүргүзүүнү талап кылган. Баштапкы текшерүүдө зыян жок деп айтылганы менен кайра каралууну суранып, чындыгында зыян бар экени тастыкталып, административдик айып салынды.

"Кайрылууну жасагандан кийин чыныгында текшерүү жүргүзүлүп, дарактардын тамырларынын зыянга учурашы аныкталып, подрядчы компанияларга айып салынды".
Дастан Бекешев, Жогорку Кенеш депутаты

Ошондой эле депутат жакында күчүнө кирген "Климаттык ишмердүүлүк боюнча" мыйзамдагы сунуштары менен шаарларды жашылдандыруу жана катуу ысыкка каршы күрөшүү чараларын күчөтүлүп, парламенттик көзөмөл жогорулай турганын белгиледи.