Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Дастан Бекешев Бишкектин генералдык планына киргизилген түзөтүүлөр тууралуу сөз болду. Депутат бул маалыматтардын коомчулукка алдын ала жарыяланбагандыгына нааразычылык билдирди.

СторисБишкектин генпланына кандай өзгөртүүлөр киргизилди?Слайддар: 6
  1. Бишкектин генпланына кандай өзгөртүүлөр киргизилди?
  2. Негизги маселе. Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча 2050-жылга чейинки генералдык планга коомчулукка жарыяланбай өзгөртүүлөр киргизилди.
  3. «Эмне үчүн адамдар менен ойноп жатасыздар? Эгер элдин пикирин эске албай, каалаганыңарды кылгыңар келсе, анда аны таштап коюңуздар.» — Дастан Бекешев
  4. Өзгөртүүлөрдүн себеби. Вице-мэрдин маалыматы боюнча, чечимдер социалдык объекттерге гана тиешелүү.
  5. Так маалымат: «Оскон-Ордо» конушунда чечим кабыл алынган; «Кыргызфармация» ишканасынын складдык жайларын жайгаштыруу максатында жасалган
  6. Андан ары эмне болот?. Бишкек шаарынын мэриясы өзгөртүүлөрдүн маалыматтарын коомчулукка берүүгө даяр экенин билдирди.

Бекешевдин айтымында, мыйзамда мындай маалыматтардын ачыктыгы талап кылынса да, документке кандай өзгөртүүлөр киргизилгени белгисиз бойдон калууда. Ал жарандар өз үйүнүн жанында эмне курулуп жатканын билиши керек экенин баса белгиледи.

Эмне үчүн адамдар менен ойноп жатасыздар? Эгер элдин пикирин эске албай, каалаганыңарды кылгыңар келсе, анда аны таштап коюңуздар. Мындай кылууга болбойт!
Дастан Бекешев

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Муратбек Атай уулу жооп берип, өзгөртүүлөр социалдык объекттерге гана тиешелүү экенин билдирди. Анын айтымында, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын складдык жайларын ыкчам жайгаштыруу максатында «Оскон-Ордо» конушунда мындай чечим кабыл алынган.

Вице-мэр бул маалыматтардын купуя эмес экенин жана аларды коомчулукка берүүгө даяр экенин белгиледи.

Эмне белгилүү

  • Генералдык планга киргизилген өзгөртүүлөр социалдык объекттерге тиешелүү

Азырынча белгисиз

  • Өзгөртүүлөрдүн так мазмуну коомчулукка натыйжалуу жарыяланган эмес