Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев күзүндө пенсиянын жогорулатылышы пландалып жатканын ырастады.

"Биринчи радио" эфиринде ал пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоонун көлөмү бюджеттин кирешелери канчалык мүмкүндүк бергенинен көз каранды болорун айтты.

Президенттин тапшырмасы боюнча пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек, жана 2022-2023-жылдардан тарта биз бул көрсөткүчкө жетиштик. Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо быйыл салттуу түрдө октябрда жүргүзүлөт.
Данияр Амангельдиев