Кыргыз Республикасынын өкмөтү пенсияларды индексациялоону 2026-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүүнү сунуштоодо. Жаңы долбоорго ылайык, пенсиялардын өлчөмү 8 миң 800 сомдон төмөн болбошу керек.
Долбоордо пенсияларды индексирлөөдөн кийин да 8800 сомдон аз төлөм алып жүргөн пенсионерлердин пенсияларын камсыздоо каралган. Бул үчүн камсыздандыруу бөлүгү пайдаланылат.
Андан тышкары, 2024-2025-жылдары 6900 сом жана 7100 сомдон жогорулатылган пенсиялардын суммасын камсыз кылуу пландалган. Мындан кийин бул суммалар надбавкалар эске алынбай камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен толукталат.
Индексация механизминде камсыздандыруу бөлүгүнүн пенсиясын 20 пайызга, бирок минимум 1000 сом жана максимум 10 миң сом менен жогорулатуу сунушталууда.
Индексациянын жалпы чыгымдары 4 миллиард 413 миллион 288 миң 35 сом деп бааланууда.
Мурунку маалыматтарга ылайык, октябрь айындагы көтөрүлүүдөн кийин орто пенсия 12 миң 898 сомго жетет деп күтүлүүдө. Пенсионерлердин саны болжол менен 832,4 миң адамды түзөт.
Азыркы учурда бул долбоор коомдук талкууга коюлган.








