Чүй облусунда жайгашкан мал багылган сарайда өрт чыкты. Өрттүн курмандыктары жана себеби азырынча белгисиз.

Өрттү өчүрүү үчүн төрт өрт өчүрүүчү машиналар менен бир суу ташуучу автоунаа тартылган.

Адамдар социалдык тармактарга өзүлөрү тарткан видео тасмаларда малдарды куткаруу аракети жүрүп жатканы көрүнүүдө.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштерин улантууда.