7-ноябрда Чүй облусуна болгон сапардын алкагында Садыр Жапаров жергиликтүү калк менен ачык диалогду өткөрдү. Тургундар мамлекеттик органдардан социалдык инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү, спорт объектилерин куруу жана ипотекалык программалар боюнча маселелерди көтөрүштү.
Өзгөчө жер тилкелерин жасалма документтер аркылуу сатып алуудагы алдамчылыктар жана андан кийин пайда болгон укуктук маселелер чоң көйгөй болуп саналат. Президентдин айтымында, жарандардын кайрылууларынын 90 пайызга жакыны ушундай мүлктүк талаш-тартыштарга байланыштуу.
Бул маселелерди чечүү үчүн Садыр Жапаров Президенттин Администрациясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга эки жыл ичинде комплекстүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул мөөнөт ичинде жерди мыйзамсыз тариздөө жана сатып алуу менен байланышкан көйгөйлөр биротоло чечилиши керек.










